• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мектеп окуучусун тебелеп кеткен автобустун айдоочусу камакка алынды

Кырсык 0

Бишкек, 07.10.19. /Кабар/. 5-класстын окуучусун тебелеп кеткен №18 автобустун айдоочусу 3-ноябрга чейин №1 убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 3-октябрында милицияга жол кырсыгынан өспүрүм бала каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Окуучу автобустун алдыңкы эшигинен түшүп бараткан. Айдоочу аны байкабастан автобусту айдаганда баланын бир буту эшикке кыпчылып калып, автобустун дөңгөлөгүнө тебеленип калган. 5-класстын окуучусу жеринде каза болгон.

Маалыматка ылайык, каза болгон бала Бишкектеги №70 мектептин окуучусу болгон.

Сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий