• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жаңы “Апрель” телеканалынын бет ачары болду

Коом 0

Бишкек, 06.04.18. /Кабар/. Бишкектеги “Орион” мейманканасында жаңы “Апрель” телеканалынын бет ачары болду.

Телеканалдын башкы директору Дмитрий Ложниковдун айтуусунда, жаңы ТВнын курамына иш билги журналисттер тартылган.

Ложников билдиргендей, каналдын башкы максаты өлкөнү өнүктүрүүгө бурулат, ал эми саясат болсо жаңылык түрүндө гана берилет.

“Биз өз ишибизди 4 күн мурда баштадык. Ооба, кемчиликтер бар, бирок аларды оңдойбуз. Бул канал сапаттуу жана жакшы ТВнын көрсөткүчү. Биздин контент кызыктуу долбоорлор менен толтурулат”,-деп билдирип, 50% берүүлөр мамлекеттик тилде боло тургандыгын кошумчалады.

Жаңы каналдын ачылышын куттуктоо үчүн вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова, өкмөт башчынын кеңешчиси Гүльнура Төралиева, маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов, президент аппаратынын жана башка телеканалдардын өкүлдөрү келишти.

Пикир

Оставить комментарий