• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте аскерге чакырылгандар кызмат өтөөгө узатылды

Коом 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-мартта Бишкек шаарынын Республикалык топтоо пунктунун базасында КР Куралдуу күчтөрүнүн катарында мөөнөттүү аскер кызматын өтөө үчүн жазгы чакырылуучуларды узатуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирет.

Аземге КР КК ардагерлери, ошондой эле аскерге чакырылгандардын туугандары жана жакындары катышып, алардын аскерге жөнөгөндөрүнө колдоо көрсөтүшүп, жылуу сөздөрүн арнашты.

Эске салсак, 2022-жылдын 1-мартынан тартып Кыргызстандын аймагында КР Куралдуу күчтөрүнө жазгы чакыруу өнөктүгү башталган.

Пикир

Оставить комментарий