• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Жусуп Мамайдын вариантындагы «Манас» китебинин бет ачары өтөт

Коом 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Бишкекте Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан жарык көргөн белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын вариантындагы “Манас” китебинин бет ачары өтөт. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кытайлык кыргыздардын белгилүү манасчысы Жусуп Мамайдын “Манас” эпосу боюнча айткан варианты 1989-жылы “Шынжаң” эл басмасы тарабынан 4 китеп толук араб арибинде жарык көргөн. Араб арибиндеги ал китепти манастаануучу К.Кырбашев 1993-жылы кыргыз арибине түшүргөн. КР Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун Кол жазмалар бөлүмүндө сакталып турган кол жазмасы институт тарабынан алгачкы жолу жарык көрүп жатат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жусуп Мамайдын вариантындагы “Манас” эпосу боюнча чыккан китеп боюнча окумуштуулар, манастаануучулар, манасчылар, адабияттаануучулар арасында талкуу болот.

Иш-чара 4-февралда саат 13:00дө Улуттук илимдер академиясынын 5-кабатындагы жыйындар залында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий