• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы күз-кыш мезгилине даярданууда

Коом 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын адистери тарабынан алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча бип топ иштер аткарылууда. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ала ылайык, 2020-жылдын 7 айынын ичинде төмөнкү иштер аткарылды:

- көмөк чордондордун 255 даана көлөмдөгү жабдууларын капиталдык оңдоо;

- көмөк чордондордун 2313,85 даана көлөмдөгү жабдууларын, 731 чакырым узундуктагы аба чубалгыларын (АЧ) учурдук оңдоо.

Капиталдык курулуш боюнча аткарылган иштер:

“Манас”, “Бирдик” көмөк чордондорунда 110-35-10 кВ күчтүк жабдууларды алмаштыруу менен трансформаторлордун кубаттуулугу көбөйтүлдү.

“Аламүдүн” көмөк чордонунда сырттан себил бөолүштүрүүчү түзмөктү (ССБТ) алмаштыруу иштери жүргүзүлүп жатат. “Молодогвардейская” көмөк чордонунда киргизме чөнөк орнотулду. 7 көмөк чордондо аккумулятордук батареялар алмаштырылды. Муну менен катар 7 көмөк чордондо 110 кВ аша чыңалууну чектегичтер (АЧЧ) алмаштырылды. Электр берүү чубалгыларында обочолоткучтарды алмаштыруу боюнча көлөмдүү иштер жүрүп жатат. Азыркы учурда иш жүзүндө 11681 обочолоткуч алмаштырылды башкача айтканда, 86,5%, ошондой эле “Ак-Суу-Сокулук” 110 кВ аба чубалгысында 17,2 км узундуктагы зым чоңураак кесилиштеги зымга алмаштырылууда.

Өндүрүштүк имараттар, курулмалар жана унаа каражаттары да кыш мезгилинде иштөөгө даярдалып жаткандыгын белгилей кетүү керек.

Маалымат үчүн: Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы (ЧЖЧЭТИ) “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын филиалы болуп саналып, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов, Чүй, Кемин административдик райондорунун чек араларында жана Бишкек шаарында жайгашкан 110-500 кВ чыңалуудагы электр тармактарынын оңдоо, эксплуатациялоо жана ыкчам тейлөөнү ишке ашырат. Чүй ЖЧЭТИнин балансында 53 көмөк чордон жана 1742,5 км узундуктагы электр берүү чубалгылары бар.

Пикир

Оставить комментарий