• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Иманалиев 2018-2040-жылдары КР өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясындагы өлкөнү жакынкы беш жылда өнүктүрүүнүн приоритеттери тууралуу

Коом 0

Бишкек, 06.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында белгиленген өлкөнү жакынкы беш жылда өнүктүрүүнүн приоритеттерин белгиледи.

Стратегия 2040тын негизинде адам – Кыргызстандын жараны, анын укугун жана эркиндигин коргоо, тез өзгөрүп жаткан турмуш шарттарына даяр жаран турат, деп белгиледи.

Кыргызстан узак мөөнөттүү келечекте эркин, светтик жана көз карандысыз мамлекет катары, дүйнөдө ийгиликтүү, бакубат жана коопсуз өлкө, адамдын жашоосу, ишкерлик кылууга жана инвестиция үчүн ыңгайлуу өлкө катары кабыл алынууга тийиш.

Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү максаттарына жетишүү өлкөнүн аймактарын баланстуу өнүктүрүү милдеттерине, климаттын өзгөрүп жаткан шарттарында экологияга камкор мамилеге жана ресурстарды болочок муун үчүн сактоого байланыштуу.

Данияр Иманалиев Стратегия 2040та биринчи этап катары 2023-жылга чейин өнүктүрүү приоритеттери өзүнчө блок болуп бөлүнгөнүн баса белгиледи. “2023-жылга чейин энергетика, тоо кендерин казып алуу жана иштетүү өнөр жайы, жеңил өнөр жайы, айыл чарбасы жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, туризм негизги приоритет катары саналат”,- деп белгиледи.

Президенттик Аппараттын стратегиялык өнүгүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы энергетика сектору боюнча сөз кылып келип, 2021-жылы иштеп баштачу «CASA-1000» долбоорун ишке ашыруу улантылаарын белгиледи. “Кийинки жылдан тартып эки подстанция жана электр берүүчү чубалгыларынын (узундугу 1200 км.) курулушу башталат. Кыргызстан масштабдуу бул долбоордун бөлүгү болуп саналат. Бул дагы Кыргызстан үчүн экспорттук потенциалды камсыз кылуу боюнча маанилүү ири долбоор болуп эсептелет. Биз электр энергиясын башка мамлекеттерге экспорттоо мүмкүнчүлүгүн пайдалана алабыз”,- деп келип, бир катар гидроэнергетикалык обьектилердин курулушу башталаарын кошумчалады.

Жеңил өнөр жай сектору боюнча Данияр Иманалиев технополистерди жана кийим тигүү-текстиль кластерлерди түзүү боюнча ири долбоорлорду ишке ашыруу күтүлүп жатканына токтолду.

Приоритеттик багыттардын катарында санарипке өткөрүү долбоорлоруна артыкчылык берилген. “Учурда Дүйнөлүк банк менен 50млн.долларлык долбоорлор бар. Digital CASA долбоору санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда интернеттин тилкелүү жетүү тармактарынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жакшыртууга жана өлкөнүн аймагында маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун түзүүгө багытталган”, - деп чечмелеп берди.

Андан тышкары мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санарипке өткөрүү боюнча иштер жүргүзүлүп, мектептерди интернет менен камсыздоо программасы иштей баштады.

Данияр Иманалиев региондорду өнүктүрүү быйылкы жыл менен чектелип калбайт, алдыдагы беш жыл бою артыкчылыктуу багыт боюнча калаарын баса белгиледи. Беш жылдын аралыгында калктуу пункттардын инфраструктурасын жакшыртуу, калкты таза суу менен камсыздоо милдеттери коюлууда. Саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык коргоо системаларын өркүндөтүү боюнча приоритеттер белгиленген.

Президенттик Аппараттын стратегиялык өнүгүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы ошону менен бирге Стратегияда пландаштырылган долбоорлорду каржылоо маселелерине дагы токтолду. “Стратегия 2040тын алкагында 2023-жылга чейинки приоритеттүү инвестициялык долбоорлор аныкталган, аларды каржылоого болжолдуу 20 млрд доллар талап кылынат, анын ичинен 7,8 млрд доллары энергетика, кайра иштетүү өнөр жайы, транспорт, суу менен камсыздоо, ирригация жана өнөр жай тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга багытталмакчы. Бул долбоорлорду каржылоо булактары так аныкталган. Учурда айрым инвестициялык долбоорлорду каржылоо булактары такталып жатат. Ал долбоорлорго инвесторлорду тартуу боюнча иш жүргүзүлөт”, -деди ал.

Данияр Иманалиев жакын арада Стратегия 2040тын ири долбоорлорун ишке ашыруу маселелерин чече турган атайын түзүм уюштурулаары болжолдонуп жатканын белгиледи. “Донорлор менен жолугушууда Президент Сооронбай Жээнбеков өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен координацияны жана өз ара аракеттенишүүнү күчөтүү милдетин койду. Аны үчүн Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңештин катчылыгында өзүнчө түзүмдүк бөлүм уюштурулуп, Стратегиянын долбоорлорун ишке ашыруу маселелерин колго алат”,-деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий