• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жаңы салынган аялдаманын айнегин талкалап кетишти

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.03.24./Кабар/. Бишкекте жаңы салынган аялдаманын айнегин талкалап кетишти.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкек шаарынын Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде жайгашкан жаңы форматтагы аялдаманын эшиги күч менен ачылып, айнеги сындырылган. Бул окуя укук коргоо органдарына билдирилет. Учурда жагдайлар такталууда.

Эскерте кетсек, буга чейин белгисиз адамдар Ч.Айтматов проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан аялдаманын эшигин сындырып, сыналгыны уурдап кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий