• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жаш дизайнерлердин “Саркеч көчмөн” сынагы өтүп жатат

Маданият 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 24-сентябрда, Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындыгы Кыргыз улуттук филармониясында Дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалынын алкагында "Саркеч көчмөн" сынагы өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, сынакка 10дон ашык жаш дизайнерлер катышууда.

Сынак улуттук колориттеги кийимдердин заманбап үлгүсүн эл алдына алып чыгуу менен, таланттуу дизайнерлерди аныктоо жана чеберлерди колдоо максатын көздөйт.

"Саркеч көчмөң" сынагынын жыйынтыгы эртең, 25-сентябрда өтө турган иш-чаранын расмий бөлүгүндө белгилүү болот.

Пикир

Оставить комментарий