• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто Кан донору күнүнүн алкагында акция өттү

Аймак 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 24 -сентябрда, Ош облустук кан борборунда “Улуттук кан донорлор” күнүнө арналган иш-чаралардын алкагында кан тапшыруу акциясы болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, КРнын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, медицина кызматкерлери жана коомчулук катышты.

Акциянын алкагында Венара Рыскулова, Зиядин Жамалдинов кан тапшырды. Вице-мэр шаар тургундарын акцияга активдүү катышып, бирөөнүн өмүрүнө себепчи болууга чакырды.

Мындан тышкары, ак ниет эмгеги жана жарандардын ден соолугуна кам көрүү багытындагы иш-чараларга активдүү катышкандыгы үчүн уюштурулган акция алкагында Ош облустук кан борборунун айырм кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн ардак грамоталары менен сыйланышты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коомунун Оштогу филиалы тарабынан да Борбордун бир катар кызматкерлери сыйлады.

Иш-чара концерттик программа жана Кызыл Жарым Ай коомунун Ош шаарындагы кызматкерлери тарабынан уюштурулган флешмоб менен коштолду.

Белгилей кетсек, донордук кыймылды андан ары өнүктүрүү, кан донорлорунун кадыр-баркын көтөрүү, жаштарды гуманизмге жана бири-бирин урматтоого үндөө максатында сентябрь айынын акыркы жекшембисинде Кыргызстанда кан донорлорунун күнү белгиленет.

Өткөн жылы Ош шаарында 7 миңден ашуун кан донору катталган. 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Ош шаарында 4 миңден ашуун кан донору катталды.

Пикир

Оставить комментарий