• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аксынын Тор-Камыш айылында жолго асфальт төшөлүүдө. Шакиев иштин жүрүшү менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районунун Тор-Камыш айылындагы унаа жолду асфальттоо жумуштары менен таанышты.

Парламенттен билдиришкендей, учурда ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев иш сапары менен Аксы районунда жүрөт.

Белгиленгендей, бир жарым чакырымдан ашык узундуктагы аталган жол буга чейин талапка жооп бербей, туурасы 3-3,5 метрди гана түзүп, унаалардын жүрүшүнө ыңгайсыздык жаратып келген. Натыйжада Транспорт министрлигинин алдындагы Өндүрүштүк-инновациялык борбор тарабынан атайын долбоор иштелип чыгып, жолду кеңейтүү жана асфальттоо жумуштары башталган. Ага мамлекет тарабынан 12,5 млн сом каралган.

Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев шаарларда гана эмес, айылдарда да жолдорду жаңылоо ишинин жүргүзүлүп жатышы жакшы саамалык экенин белгилеп, бирок сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Нурланбек Шакиевди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган тиешелүү жетекчилер коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий