• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жыл башынан бери Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 32,3 пайызга өстү

Экономика 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-июль айларында 8,2 млрд. АКШ долларына жакынды түздү. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын билдирүүсүнө караганда, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32,3 пайызга өскөнү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 45,6 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 29,4 пайызга көбөйдү.

"Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-июль айларында 2,3 млрд. АКШ долларын түзүп, 2022-жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу 8,5 пайызга төмөндөгөн. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 0,4 пайызга көбөйгөн, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескерисинче 11,9 пайызга азайган", - деди ал.

Төраганын орун басары кошумчалагандай, 2023-жылдын январь-июль айларындагы республиканын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (65,4 пайыз) жана Казакстанга (32,2 пайыз) туура келди.

Пикир

Оставить комментарий