• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткендин чек арага чектеш аймактарында 5 соцобъекттин курулушу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 09.04.23./Кабар/. Баткен районунун чек арага чектеш аймактарында 3 мектеп жана 2 бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынын билдиришти.

Алар:

- Ак-Сай айылында 275 орундуу мектеп жана 75 орундуу бала бакча;

- Көк-Таш айылында 50 орундуу бала бакчанын курулушу;

- Кызыл-Бел айылындагы Масалиев орто мектебинин 150 орундуу кошумча корпусу;

- Кара-Бак айылындагы Б.Нарматов орто мектебинин 100 орундуу кошумча корпусу курулушу.

Курулуш иштери АРИС уюму тарабынан жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий