• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Бишкек шаардык милициясы тарабынан жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 28-августта Бишкек шаардык Октябрь райондук ИИБге С.У. аттуу кыз кайрылып, “А” аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, ал 27-августта 23:00дөр чамасында “Алтын-Ордо” конушунда эркине каршы күч колдонуп, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасап, андан кийин кызды үйүнө таштап, өзү белгисиз жакка кетип калган.

Аталган факт КР Жазык кодексинин 162-беренеси (“Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук”) боюнча Октябрь райондук милициясынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Октябрь РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан шектүү 1995-жылы туулган С.А.нын өздүгү аныкталып, шаардын аймагынан кармалган. Октябрь райондук соту тарабынан шектүүнүн баш коргоо чарасы тандалып, убактылуу кармоочу абак жайына киргизилди.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий