• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кадамжайда эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата алыш күрөш боюнча эл аралык мелдеш өттү

Спорт 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Баткендин Кадамжай шаарында эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата эркектер арасында алыш күрөш боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу Алыш күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, турнир 30-31-августта Кадамжай шаарынын борбордук аянтында өттү.

Мелдешке Кыргызстандын жети облусунан жана Өзбекстандан келген 108 спортчу күчүн сынады. Балбандар 70 кг, 80 кг, 80ден жогору жана абсолюттук салмак категориясында күрөшкө түштү.

Байгелүү орундарга илинген спортчулар диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланды. Ал эми абсолюттук салмак категориясынын жеңүүчүсү Роман Сапаров автоуналуу болду.

Пикир

Оставить комментарий