• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Жээнбеков менен Си Цзиньпиндин расмий жолугушуу аземи болду

Саясат 0

Бишкек, 13.06.19. /Кабар/. Бүгүн, 13-июнда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келген Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Чет элдик мамлекеттердин башчыларынын жана делегацияларынын салтанаттуу жолугушуусун өткөрүү үчүн «Ак-Кеме» салтанат жайында Кыргызстандын жана Кытайдын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген.

Сооронбай Жээнбеков жана Си Цзиньпин Ардактуу кароолду кыдырып чыгышты жана расмий делегациялардын мүчөлөрү тааныштырылды. Ошондой эле эки Мамлекеттер башчыларынын астында Ардактуу кароол Ротасынын салтанаттуу жүрүшү өттү.

Андан ары Кыргыз Республикасынын президенти жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы кеңири курамдагы жолугушууга багыт алышты.

Мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары карай тереңдетүүгө багытталган эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

КЭР төрагасынын мамлекеттик визитинин алкагында бүгүн Бишкекте кыргыз-кытай бизнес-форуму өтөт.

Пикир

Оставить комментарий