• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жолдорду кардан тазалоо иштерине 35 атайын техника тартылды

Коом 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Бишкекте жолдорду кардан тазалоо иштери жүрүүдө, - деп билдирет Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, тазалоо иштерине Жол тейлөө башкармалыгынын 12 кызматкери жана 35 даана атайын техникалар: 25 МАЗ үлгүсүндөгү кар тазалоочу машина, 4 универсал УКМ, 5 "Беларусь" кичи трактору, 1 алдыңкы жүктөгүч жана 1 ЗИЛ тартылды.

Борбор калаада штаттык режимде 608 тазалыкчы иштеп жатат жана азыркы учурга чейин жолдорго 44 тонна техникалык туз себилген.

"Шаардын жолдорун, тротуар, аялдамалардын айланасындагы кар, муздарды тазалоо боюнча кайрылуулар мэриянын WhatsApp 0554 182 185 номуруна кабыл алынат. Мындан тышкары, 1840 жана 1850 номурларына күнү-түнү чалууга болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий