• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте ЖОЖдордогу илимий иштердин көйгөйү талкууланды

Билим 0

Бишкек, 02.07.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинде жогорку окуу жайлардын (ЖОЖ) илим боюнча проректорлору менен “Жогорку окуу жайлардын илимин өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги” аттуу жолугушуу өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, билим берүү министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов, Билим берүү жана илим министрлигинин Илим жана илимий-техникалык саясат башкармалыгынын башчысы Гүлзада Билбаева жогорку окуу жайлардын илим боюнча проректорлору менен гибрид форматында жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө жогорку окуу жайлардагы илимди өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана келечектүү маселелери талкууланды. Ошондой эле проректорлорго илим чөйрөсүндө конкреттүү тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий