• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жыл башынан бери 7,5 миңге жакын жаран борбордук кызмат аркылуу жумуш таба алышкан – алар кимдер?

Коом 0

Бишкек, 23.11.18. /Кабар/. 2018-жылдын башынан тарта Бишкек шаардык жумуш менен камсыз кылуу башкармалыгы аркылуу 7 миң 435 жумушсуз адам жумуш менен камсыз болгон. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Бул маалымат эмгек жана социалдык коргоо министри Улукбек Кочкоров аталган мекемеге барганда айтылды.

Башкармалыктын башчысы Бактыбек Усупбеков министрге жыл башында 9 миң 972 жумуш орун болгон болсо, алардын 7 миң 395и тигүү, транспорт, соода, курулуш, ашпозчу, официант, ар кандай жумушчу, сантехник, күзөтчү жана чачтарач кесиптери болгондугун айткан.

“Ушул айдын аягына карата вакансиялар банкында 4 миң 245 орун бар. Алардын ичинен 3 миң 229 жумушчу кесиптер. Ошондой эле бир орунга эки талапкер бар", - деп кабарлашты ведомстводон.

Министр маалымат менен таанышып, учурда жарандарды жумуш менен камсыз кылуу үчүн керектүү кесиптер боюнча окуу уюштуруу маселеси бар экендигин белгиледи.

Кочкоров коомдук иштердин акысы болгон 1 миң 662 сом абдан аз жана бүгүнкү күндө жашоо талаптарына жооп бербейт экендигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий