• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жыл башынан тарта санитардык-экологиялык эрежелерди бузгандарга 3,5 млн сом айыппул салынган

Коом 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Бишкекте жыл башынан тарта санитардык-экологиялык эрежелерди бузган жарандарга жана ишканаларга 3,5 млн сом айыппул салынган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров билдирди.

"Быйыл январь айынан тарта санитардык-экологиялык эрежелерди бузган 363 ишкана жана жаранга 3,5 млн сом айыппул салынды. Урматтуу шаар тургундары таштандыларды көчөгө таштабай, атайын таштанды челектерине ыргытыңыздар. Экинчиден курулуш материалдарын көчөгө төкпөңүздөр. Ал эми ишканалар тууралуу айтсак, алар өзүнүн тегерегин таза кармап, бак-дарактарды сугарып турушу керек. Эски таштанды дөңгөлөктөрдү көчөгө коюп койгон желимдөөчү жайларга айыппул салынат. Аларды таштанды жайга чыгаруу зарыл. Эски дөңгөлөктөрдү жеке менчик мончолорго от жагуу үчүн сатууга тыюу салынат жана аны саткандарга катуу чара көрүлөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий