• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги №19 мектептин жаңы корпусунда курулуш иштери 85%га аяктады - мэрия

Коом 0

Бишкек, 15.08.20. /Кабар/. Бишкектеги №19 мектептин жаңы корпусунда курулуш иштери 85%га аяктады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Жаңы салынып жаткан эки кабаттуу корпустун аянты 1 миң 200 чарчы метрди түзөт. Ал 198 окуучуга эсептелген.

Мектеп сейсмологиялык жактан кооптуу жерде жайгашкандыктан ал 9 баллдык жер титирөөгө чыдай ала тургандай салынууда.

Жаңы имараттын курулушуна шаардык бюджеттен 45 млн сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий