• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

СOVID-19: Өзбекстанда бир суткада 690 кишиден вирус аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 15.08.20. /Кабар/. Өзбекстанда 15-август саат 10:00гө карата коронавирус жуккандардын саны 34 миң 251 адамды түздү, - деп билдирет ӨРнын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Акыркы суткада өлкө боюнча 690 адамдан COVID-19 илдети табылган, 1 миң 348 бейтап коронавирустан айыкса, үч адам каза болгон.

Өлкөдө бүгүндөн тартып карантиндик чектөөлөр жумшара баштады. Ташкентте коомдук транспорт жана метро жүрө баштады.

Өзбекстанда жалпысынан 28 миң 661 адамга (84%) коронавирус жуккан, илдеттен 221 адам каза болду. Ал эми 5 миң 365 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 1 миң 289 адамдын абалы оор, 362 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий