• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги ипотекалык батирлердин курулушу кандай жүрүп жатат? Сүрөт

Коом 0


Бишкек, 24.08.23./Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Аида Төлөгөнова Бишкектеги мурдагы абактын ордуна курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен таанышты.

Компаниядан билдиришкендей, объектте курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Биринчи блокто алгачкы үйдүн дубалдары 10-кабатка чейин көтөрүлгөн, кийинки үйдө курулуш иштери төртүнчү кабатта жүрүп жатат. Ал эми үчүнчү үйдө экинчи кабатка бетон куюлат.

Экинчи блокто бир эле учурда бир нече үйгө жер төлөнүн пайдубалы куюлууда.

Объекттин башкы прорабынын айтымында, быйылкы жылы биринчи жана экинчи блоктогу үйлөрдө бетон иштерин бүтүрүү пландалууда.

Жакында эле Мамлекеттик ипотекалык компания жана "Экспострой курулуш компаниясы" ЖЧКсы менен көп функционалдуу турак жай комплексин долбоорлоо, каржылоо жана куруу боюнча инвестициялык келишим түзгөн 11-мрк курулушка даярдык иштерин баштады. Жер кыртышы боюнча геоизилдөө иштери жүргүзүлүп, карьерден таштандылар чыгаруу жана башка даярдык иштери жүрүүдө

Пикир

Оставить комментарий