• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги Көк-Жар конушунда жаңы балдар бакчасы ачылды

Коом 0


Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Бишкектеги Көк-Жар конушунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда жаңы балдар бакчасынын салтанаттуу ачылыш аземи болду.

Министрлер кабинетинин башчысы өз сөзүндө чогулгандарды куттуктап, билим берүү тармагы артыкчылыктуу багыттардын бири экендигин билдирди.

"Өлкөдө демографиялык өсүү байкалууда. Ошого байланыштуу президент Садыр Жапаров балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоону 20-40%га жогорулатууну тапшырды. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча курулуш жана реконструкция иштери уланууда. Быйыл билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулат", - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, бала бакчаны куруу долбоору боюнча 280 орундуу болсо, бирок, бала бакчанын аянтынын чоңдугуна байланыштуу кошумча жылдырма керебеттерди коюу менен дагы 230 орунду түзүүгө мүмкүн болду.

Курулуш иши 2023-жылы жайда башталган.

Пикир

Оставить комментарий