• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги кездеме саткан дүкөндөн чыккан өрт дээрлик 18 саат дегенде өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 07.03.21. /Кабар/. Бишкектеги "Алтын-Тоо" базарынын аймагындагы кездеме саткан дүкөндөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалымат кызматы билдирет.

ӨКМдин билдирүүсүнө караганда, өрт 6-мартта болжол менен саат 20:33тө чыккан.

Кездеме саткан дүкөндөн чыккан өрттүн жалпы аянты 450 чарчы метрди түзүп, имараттын 200 чарчы метр аянты жана кездемелер күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө 4 өрт өчүрүүчү бөлүм, Штаб, Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, ККББнын ППУ менен ыкчам топ тартылган. Ошондой эле Ички иштер министрлигинен 2 экипаж жана Тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.

Өрт түнкү саат 00:01де чектөөгө алынып, толугу менен бүгүн күндүзгү саат 13:23тө өчүрүлгөн.

Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Белгилей кетсек, буга чейин өрт "Дордой" базарынын аймагындагы контейнерлердин биринен чыккандыгы кабарланган болчу.

Пикир

Оставить комментарий