• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги Малдыбаев көчөсү кеңейтилип, унаа кыймылы үчүн ачылды

Коом 0

Бишкек, 11.10.18 /Кабар/. Малдыбаев көчөсүнүн батыш тарабы унаалардын кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу борбордун мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аны оңдоо иштери үч айга уланды. Көчөнү кеңейтишип, Түштүк магистралга чыгып кетүүгө мүмкүн кылышты. Оңдоо иштери 1 жарым чакырым узундуктагы жолдо жүргүзүлдү.

Малдыбаев көчөсүнүн чыгыш тарабы Түштүк магистралдан Айтматов көчөсүнө чейин оңдолду.

Пикир

Оставить комментарий