• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги митингден кийин 21 киши кармалды – милиция

Коом 0

Бишкек, 17.01.19 /Кабар/. Бишкектин Ала-Тоо аянтында өткөн митингден кийин милиция кызматкерлери 21 адамды кармап, милиция бөлүмүнө жеткирген. Алар коомдук тартипти бузган деп айыпталууда. Шаардык милициянын маалыматы боюнча, митингге чыккандар тарап кетишти.

Митинг учурунда коомдук тартипти бузуп, жол кыймылына жолтоо болгондор, кастыкты козуткан чакырык таштагандар мыйзам иретинде жоопко тартылат.

Санкцияларга жараша, тынчтык митингин өткөрүүгө уруксат саат 10:00дөн 13:00гө чейин берилген.

Митинг өткөрүү убактысы бүткөндөн кийин шаардык милициянын башчысынын орун басары Э.Атантаев чогулгандарга убакыт бүткөнүн, баарын тарап кетүүсүн суранган.

Митингдин уюштуруучусу Аманбол Бабакулов дагы элди өзүн тынч алып жүрүү, тынч тарап кетүүсүн өтүнгөн.

Бирок айрым жарандар коомдук тартипти бузуп, жол кыймылына жолтоо болуп, башка дагы эрежелерди буза баштаган.

Жалпысынан коомдук тартипти бузган 21 киши кармалган. Алар менен азыр түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, бүгүн Ала-Тоо аянтында мыйзамсыз жүргөн Кытайдын жарандарына каршы митинг уюштурулган. Митингге келгендер кыргыз жарандыгын этникалык кыргыздардан башкасына берүүгө мораторий киргизүүнү талап кылышкан.

Пикир

Оставить комментарий