• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги унаа тыгындарынын себеби айтылды

Коом 0

Бишкек, 03.04.18 /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкектеги унаа тыгындары көптөгөн көчөлөрдүн оңдоп-түзөө үчүн жабылгандыгына байланыштуу. Бул тууралуу КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, калаадагы көчөлөрдүн дээрлик 10% оңдоо иштерине байланыштуу жабылган, ал шаар көчөлөрүндөгү унаа тыгынынын себеби болушу ыктымал.

“Жеринде ЖКККББнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Эгерде жарантар тыгынга кабылса, анда 0312 53-22-33 номерине чалып, кайрыла алышат. Жерие дароо биздин кызматкерлер чыгышат жана кыймылды жөнгө салышат”,-деп айтылат маалыматта.

Жабылган көчөлөрдүн тизмеси:

- Оберон көчөсү, Анкара көчөсүнөн Л.Толстойго чейин, Кара –Жыгач жаңы конушу

- Мамбетов көчөсү, Шабдан-Баатыр көчөсүнөн батыш багытта 100 м

- Осмонкул көчөсү, Жибек-Жолу көчөсүнөн Курманжан-Даткга чейинки бөлүгү

- Щербаков көчөсү, Махатма-Ганди көчөсүнөн Манас проспектисине чейин

- Баялинов көчөсү, Бакинден Тоголок-Молдо көчөсүнө чейин

- Калык-Акиев көчөсү, Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек-Жолуна чейинки бөлүгү

- Тыныстанов көчөсү, Киев көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү

- Жаманбаев көчөсү, Токтоналиев көчөсүнөн Тынчтык проспетисине чейин

- Алымкулов көчөсү, Муромский көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин

- Каралаев көчөсү Куттубаев көчөсүнөн Нуркамал көчөсүнө чейин

- Айни көчөсү, Псков көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин

- Термечиков көчөсү, Л.Толстойдон Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүгү

- Эркиндик бульвары, Түгөлбай-Ата көчөсүнөн. Фрунзеге (батыш) чейинки бөлүгү

- Жибек-Жолу көчөсү, Тоголок-Молдо көчөсүнөн Манас проспектисине чейин

- Салиев көчөсү, Лермонтовдон Калинин көчөсүнө чейинки бөлүгү

- Москва көчөсү, Ибраимов көчөсүнөн Суюмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү

- Ахунбаев көчөсү, Тыналиевден Садырбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Пикир

Оставить комментарий