• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги ВИЧ/СПИД боюнча эпидемиологиялык абал талкууланды

Коом 0

Бишкек, 30.11.22. /Кабар/. Октябрь акимиатында социалдык маанидеги оорулар боюнча райондук көп тармактуу координациялык комитетте Бишкек шаарындагы ВИЧ/СПИД боюнча эпидемиологиялык абал талкууланды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Жыйынга шаардык СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунун, билим берүү борборунун, райондун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын социалдык кызматкерлери, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, БККУнун, ошондой эле №№ 6 жана 8 Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун өкүлдөрү катышты.

Аталган иш-чара 1-декабрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулду.

ВИЧ-инфекциясын алдын алуу, анын ичинде калктын ар кандай курактагы жана социалдык топтору үчүн, өзгөчө өспүрүмдөр жана жаштар үчүн маалымат жана түшүндүрүү иштери маанилүү бойдон калууда.

2022-жылы эле ВИЧ инфекциясынын жаңыдан аныкталган 346 учуру катталса, 2022-жылдын 1-ноябрына карата жалпысынан Бишкек шаары боюнча катталгандардын саны 2804 жетти.

Октябрь районунун акими Азамат Дороев Бишкек шаарында ВИЧ-инфекциясын азайтуу үчүн биргелешкен аракеттер ВИЧ-инфекциясы боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатууга жана системалуу сектор аралык мамиленин негизинде профилактикалык иш-чаралардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталыш керектигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий