• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектин 7-Апрель көчөсү кеңейтилди

Коом 0

Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. Бишкек шаарындагы 7-Апрель көчөсүнүн жүрүүчү бөлүгү көчөнүн чыгыш тарабынан өткөөлгө чейин кеңейтилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ошондой эле "Мадина" базарынын алдында металл тосмолор орнотулду.

Белгиленгендей, буга чейин 7-Апрель көчөсүнө параллель көчө жол жүрүү үчүн жабык болгон. Өндүрүштүк планга ылайык, жолдордогу чуңкурларды жамоо, жол белгилерин түшүрүү, жол белгилерин орнотуу иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий