• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

1-декабрга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 30.11.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 1-декабрда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5, Талас облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз 0…-5 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1 градус, ал эми Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…+3 градуска жетиши ыктымал.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7 градус болот.

Эртең борбор калаабыз Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10 күндүз 0…-2 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий