• 88.68
  • 95
  • 0.95

Саралаев: “Буга чейин аскердик техниканы бекемдеген үчүн коргонуп калдык”

Коом 0

Бишкек, 19.09.22. /Кабар/. "Буга чейин аскердик техниканы бекемдеген үчүн коргонуп калдык", - деген пикирин билдирди активист Тимур Саралаев 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу конфликткке байланыштуу кооментарий берип жатып.

"Соңку күндөрдүн окуялары ар тараптуу иликтөөлөрдү жана терең анализдөөлөрдү талап кылышы албетте талашсыз, ага бир аз убакыт керек. Ал эми азыркы маалда болуп жаткан көрүнүштөр чоң суроолор катары оркоюп чыгып турат. Өлкөбүздүн бүтүндүгүн бузуп кирип келгендер кимдер, тажик аскери же Рахмондун жалданма баш кесерлериби?! Менимче жалданмалар, анткени ошолор гана гумандуулукту түшүнбөйт, кабыл албайт, жалданмалар гана мыкаачылык, террорчулук, каракчылык кылышат. Жалданма жапайылардын гана ынтымагы жок, бири-бирин угушпайт, башаламан болушуп, акыры кырылышат. Аларга салыштырмалуу биздин жоокерлер тартип менен согушуп, өз мекенин коргошту.

Бирок кимиси болбосун, аскериби же Рахмондун "согушкерлериби" Кыргызстанды талкалоо жана басып алалы деген эле максаттары болгону анык, дүйнө коомчулугу деле аны көрүп турат. Кандай гана болбосун, аскердик техникаларды бекемдеп албаганда мындан да ары басып кирип кетмек экен. Мисалы үчүн, мурун алган “Байрактар” ишке жараганы талашсыз, душмандын 2 “Град” системасын ж.б., талкалап салганы көрүнүп турат. Аларда “беспилотниктер” жок болгону да биздин жоокерлерге жардам берди. Буга чейин аздыр-көптүр техниканы бекемдеген үчүн коргонуп калдык, бирок муну менен токтобош керек, мындан да көп техника алуу маселеси мамлекет, эл үчүн биринчи маселе болушу керек, орустар айткандай – “Хочешь мира – готовься к войне”.

Тилекке каршы, бизде 59 адам каза болду, тажиктерде 300дөн ашык адам кырылыптыр деген расмий эмес маалымат келди. Диктатордук мамлекетте албетте жоготуулар жашырылып, айтылбайт. Алар биринчи кол салып, көп чыгымга учурап, алыска (50 чакырым) атуучу техникасы, бронитехникалары, танктары талкаланды. Элибиздин күчү ынтымакта экени дагы бир ирээт тастыкталды", - деди Саралаев.

Пикир

Оставить комментарий