• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош жана Жалал-Абад шаардык сотторуна дайындалган судьялар ант беришти

Коом 0

Бишкек, 18.08.20. /Кабар/. 2020-жылдын 18-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда президенттин 2020-жылдын 14-августундагы ПЖ №156 Жарлыгы менен жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, президенттин Жарлыгы менен судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Ош шаардык сотуна Мамасады Жапаров, ал эми Жалал-Абад шаардык сотуна Миран Шерматов жиберилди.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Каныбек Бокоев жаңы дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка бек турууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий