• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин айрым аймактарында 26-апрелге чейин газ жок болот

Коом 0

Бишкек, 25.04.18. /Кабар/. Бишкектин айрым аймактарында үстүбүздөгү жылдын 26-апрелине чейин газ берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 24нөн 26-апрелге чейин Бишкек шаарынын Байтик Баатыр, Суеркулов, Ж.Пудовкин, А. Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы жок болот.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий