• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

13-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. Эртең, 13-ноябрда, Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14, Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14 градус жылуу болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 6…11 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16 градус болот.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2 градус суук, күндүз болсо 11…13 градус жылуу болушу ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий