• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектин айрым райондоруна ысык суу бериле баштады

Коом 0

Бишкек, 03.06.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, шаарга ысык сууну берүү пландан үч күн эрте башталды.

Маалыматка ылайык, “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык мекеме ысык сууну берүүнү бүгүн баштап, кечке чейин баардык абоненттерге жеткирилет.

Ал эми “Бишкекжылуулуктармагы” ААКы колдонуучуларды жылуу сууга кошууну эртең, 4-июнь күнү баштайт. Ысык сууну толугу менен берүү үчүн үч күн керек болот. Алгач бала бакча, оорукана жана башка социалдык маанилүү объектилерге берилет.

"Ысык суу берилерде суу агып кетпеш үчүн "Аристон" сыяктуу суу жылытуучу каражаттарды өчүрүп коюу сунушталат", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек боюнча коммуналдык мекемелердин кызматын колдонгон абоненттердин саны 33 миң 189 адам. Ошондой эле 12 саламаттык сактоо мекемеси, 40 мектеп, 14 бала бакча, 8 жогорку окуу жай, 25 бюджеттик мекеме жана башка 212 мекемелер.

Пикир

Оставить комментарий