• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР Муфтийи: Ар бирибиз ынтымакты туу тутуп, ынтымакта өмүр сүрөлү

Коом 0

Бишкек, 31.08.17 /Кабар/. Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстандыктарды эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Муфтий өз куттуктоосунда Алла Таала бизге дайыма эгемен эл бойдон калууну, кутман элибиздин ынтымакта, биримдикте жашоосун, куттуу жерибизде түбөлүк тынчтыктын орноосун насип кылышын тилеген.

"Эзелтен кадырман кыргыз журту бирөөнүн беделине доо кетирүүдөн оолак болуп, адам укугун урматтаган жана коргогон, өзүн гана кадырлабастан коногун да сыйлаган меймандос эл катары өз ара биримдикте, ынтымак-ырашкерчиликте жашап келген улуу калк. Алла Таалага чексиз шүгүр, Кыргызстандай ажайып кооз, табияты таза, абасы тунук жана токсон пайыз мусулман калкы жашаган мекенди Жараткан насип кылып, өмүр кечирип жатабыз. Мамлекетибиздин эгемендүүлүгү, динибиздин эркиндиги Алланын чоң жакшылыгы, белеги. “Ынтымак бар жерде-ырыс бар” демекчи, кылымдарды карыткан кыргыз эли нечен кыйынчылык, оор мезгилдерди башынан кечирди. Ар бирибиз ынтымакты туу тутуп, ынтымакта, биримдикте, достукта өмүр сүрөлү.
Урматтуу кыргыз элим! Аллага шүгүрлөр болсун, мекенибизде мечиттер салынып, азан айтылып, намаздар окулуп, медреселер иштеп, диний сөздөр эркин айтылууда. Бул дагы болсо эгемен өлкөбүздүн өнүгүп өсүүсү, динибиздин туура жайылуусу. Диний баалууктарды, улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен бирге элибиздин бүтүндүгүнө, мекенибиздин тынчтыгына, мамлекетибиздин күч-кубаттуу болуусуна баарыбыз биргеликте салым кошолу. Өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн ынтымакта, улут-урууга бөлүнүп жарылбай, провокациялык иш чараларга азгырылбай сабырдуулук, такыбалык, күнөөдөн сактануу менен жашайлы.
Ар бириңиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр, бакубат турмуш, үй-бүлөдөгү ынтымакты каалайм. Жараткан элибизди, жерибизди ар кандай жамандыктан сактап, кыргыз элинин өсүп-өнүгүшүнө, өз жолун табышына, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн бекемделишине, өз жерибизге, элибизге жана мекенибизге тынчтыкты, бакубат жашоону Жараткан Алла Таала насип кылсын", - деп айтылат куттуктоодо.

Пикир

Оставить комментарий