• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте салттуу футзал боюнча мелдеш аяктады, ага жалпы 126 команда катышты

Коом 0

Бишкек, 11.01.24. /Кабар/. Бишкекте салттуу футзал боюнча "Наристе - 2023" мелдеши аяктады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Турнир “Газпром балдарга” дене тарбия жана ден-соолукту чыңдоо комплексинде өтүп, ага жалпы 126 команда катышкан.

Алардын арасында:

  • Жогорку Кеңештин кызматкерлери;
  • мамлекеттик органдардын жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери
  • 35, 45 жана 50 жаштан улуу спорт сүйүүчү-ардагерлер бар.

Спорттук таймаш футзалды туруктуу өнүктүрүү жана аны республикада жайылтуу максатында өткөрүлдү.

Иш-чара дене тарбия жана спорт департаменти алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий