• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстанда 7 айда 13 мал базарга 109 миң сом айып салынды

Коом 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Кыргызстанда 7 айда ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги жана көрсөтмөлөрдү толук аткарбагандыгы үчүн 13 мал базарга 109 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 45 мал базар ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Анын ичинен 22си ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет.

Ал эми 23 мал базардын ээсине райондук ветеринардык башкармалыктар тарабынан көрсөтмөлөр берилген.

Пикир

Оставить комментарий