• 88.68
  • 95
  • 0.95

2021-жылы Бишкекте жол эрежесин бузуудан бюджетке 91 млн сом түшкөн

Коом 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматында 11 айды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме өттү.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, Бишкекте 11 айдын ичинде жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 262 миң 556 протокол толтурулуп, 90 млн 969 миң 202 сом мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн.

Алардын ичинен :

- Автоунаага тийиштүү документтери жок айдоо 2911;

- Мас абалында автоунаа башкаруу 2815;

- Авто ээнбаштык 62;

- Автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо 624;

- Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедтер катышкан эреже бузуулар 4896;

- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары 251 миң 248;

- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 21 миң 16 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий