• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Октябрь Урмамбетов эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты

Коом 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 14-декабрда «Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу: көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору» аттуу темада Эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, конференцияга КР ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Юридикалык университетинин биринчи проректору Бактыбек Рысмендеев, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин саясий-аскердик бөлүмүнүн башчысы Александр Елисеев, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин милициянын кеңешчиси Константин Бедарев, КР ИИМдин бир катар жетекчилери, КР ИИМ Академиясынын жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин окутуучу курамы, Кыргызстандын коопсуздук тармагындагы айымдар ассоциациясынын байкоочу кеңешинин төрагасы Шамшыбек Мамыров, мамлекеттик, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар жана ошондой эле массалык маалымат каражаттары катышты.

Иш-чараны Октябрь Урмамбетов ачып, конференциянын катышуучуларын куттуктап, президент Садыр Жапаровдун август айында ИИМдин коллегиясында ИИОго койгон тапшырмаларын аткаруу максатында, Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын курамында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана милициянын көчмө пункттарын иш-аракеттерин координациялоо боюнча жаңы бөлүм түзүлгөнүн билдирди.

"Ошондой эле, бул башкармалыктын түзүлүшүндө президенттин ушул жылдын 5-майындагы Кыргызстан элине кайрылуусунда аялдардын коомдогу өзгөчө ордун белгилеген кайрылуусу болду. Заманбап билим берүү жана балдарга кам көрүү системасы аялдарга көз карандысыз болууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок, эч ким аялдын эң маанилүү функциясын – жаңы муунга дүйнө таанымын, тилин, үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана адеп-ахлак нормаларын өткөрүп берүүнү алмаштыра албайт. Коомдогу баалуулуктарды түзүүчү институт катары аялдардын ролун күчөтүү зарылчылыгы бар. Ошондуктан, демократиялык, укуктук жана социалдык багыттагы мамлекеттин түпкү ячейкасы катары аялдарды, балдарды, акыры үй-бүлөнү колдоо жана коргоо боюнча жаңы долбоорлор керек", - деди ал.

Ошондой эле Урмамбетов жаңы кодекстер үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө киргенин, мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр алкагында үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жоопкерчилик эки кодексте: Кылмыш-жаза кодекси жана Укук бузуулар кодекси каралганын баса белгиледи.

Белгиленгендей, КР Кылмыш-жаза кодексинин жаңы редакциясына, 177-берене киргизилди «Үй-бүлөдөгү зомбулук», КР Укук бузуулар кодексинде 70-берене «Үй-бүлөлүк зомбулук» жана 71 –беренеде «Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо». Бул чаралардын кабыл алынышы учурдун талабына ылайык болуп саналат, анткени алар жазанын сөзсүз түрдө күчөтүлүшү үчүн адекваттуу чечимдерди кабыл алуу үчүн мыйзамдык негизди түзөт. Мурда үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жоопкерчилик Кылмыш-жаза кодексинде каралып, кылмыш жоопкерчилигине тартылып, кылмышкерлерди алып келүү кыйынга турган.

Ошону менен бирге Октябрь Урмамбетов бүгүнкү конференция үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иштердин натыйжалуулугун жана өркүндөтүүсүн мындан ары жогорулатуу жана милициянын көчмө кабыл алуу пункттарынын ишин координациялоо жана биргелешкен иш-чаралар үчүн пайдалуу аянтча болуп каларын билдирди.

Ал сөзүнүн аягында мыйзам үстөмдүгү камсыздалбаса, жарандардын коопсуздугунун кепилдиктери камсыздалмайынча өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү мүмкүн эместигин белгиледи.

Бул иш-чара талкуулоо жана алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн бирдиктүү багытты аныктоо, ошондой эле кызматташуунун деңгээлин жогорулатуу үчүн зарыл аянтчаны түздү.

Пикир

Оставить комментарий