• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин Биринчи май районунда диний мекемелер текшерилди

Коом 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май районунда диний мекемелерди текшерүү боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө райондун аймагында жайгашкан диний мекемелердин документтерин жана жалпы санитардык абалы текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин 2 мечит жана 1 христиан диний мекемеси убактылуу жабылган.

Ошондой эле Бишкек шаарынын МСЭКБ тарабынан 8 санитардык көрсөтмө жана 7 протокол жазылып берилген.

Мындан тышкары, Биринчи май райондук ИИБ тарабынан 4 административдик протокол түзүлгөн.

Белгилей кетсек, рейдге Ички иштер башкармалыгынын, УКМК, МСЭКБ, "Бишкекбашкыархитектура" МИ, "Кадастр" БФ, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгынын, казыяттын жана РЭСтин өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий