• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектин экс-мэри Түлеевдин иши кайрадан кароо үчүн райондук сотко жөнөтүлдү

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Жогорку сот Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевге карата кылмыш ишин кайрадан кароо үчүн Ленин райондук сотуна жөнөттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жогорку сот 2021-жылдын 9-февралындагы токтому менен жактоочу А.Мощиндин соттолгон Нариман Түлеевдин кызыкчылыгына жаңы ачылган жагдайлар боюнча жазык ишин кайра жаңылантуу боюнча өтүнүчүн канааттандырды.

Нариман Түлеевге карата Бишкек шаардык Ленин райондук сотунун 2013-жылдын 29-июлундагы, Бишкек шаардык сотунун 2014-жылдын 23-декабрындагы өкүмдөрү жана Жогорку соттун 2015-жылдын 30-ноябрындагы токтому жокко чыгарылып, кылмыш иши башка соттук курамда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда жаңыдан кароого жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий