• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттин басма сөз катчысы Бишкек мэринин м.а. боюнча түзүлгөн кырдаалга комментарий берди

Президент 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиев боюнча тузүлгөн кырдаалга комментарий берди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Коомчулуктун пикирин жана социалдык тармактардагы мамлекеттик кызматкердин беделине көлөкө түшүргөн ар кандай материалдардын жайылып жатканын эске алып, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров социалдык тармактардагы жеке баракчасында борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучуга байланыштуу маселеге пикирин билдирди. Ошону менен бирге кадрдык акыркы чечимди өлкөнүн премьер-министри кабыл аларын белгилейбиз», — деп билдирди Галина Байтерек.

Пикир

Оставить комментарий