• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектин мектеп жана бала бакчаларында пандустар орнотулат, ага 4,5 млн сом бөлүндү

Коом 0

Бишкек, 19.02.20. Кабар/. Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы борбордун мектеп жана бала бакчаларында пандустарды орнотууну пландоодо, деп кабарлашты муниципалитеттен.

Маалымтака ылайык, пандустарды шаардын 51 мектебинде жана 37 мектепке чейинки мекемелеринде орнотуу пландалууда.

“Пандустарды орнотууга шаардык бюджеттен 4 млн 474 миң 100 сом каралды”, - деп айтылат маалыматта.

Мэриядан жакынкы күндөрдө кайсы мектептерде жана бала бакчаларда пандустар пайда болорун айтышты:

Биринчи май районунда пандустар 21 мектепте пайда болот: №№6, 15, 18, 19, 24, 27, 28, 29, 41, 54, 61, 69, 70,75, 78, 81, 83 жана №1 мектеп интернатында.

Ленин районунда тизмеге 12 мектеп кирген: №№ 7, 8, 9, 13, 42, 47, 50, 58, 68, 72, 80 жана №10 кечки мектеп.

Свердлов районунда 16 мектеп жана 2 бала бакча: №№ 1, 10, 12, 32, 33, 35, 43, 45, 46, 51, 52, 53, 66, 67, 87, 89 жана №152, №171 бала бакчалары.

Октябрь районунда пандустар көбүнчө бала бакчаларда орнотулат: №№ 9, 10, 15, 44, 71, 79, 82, 85, 87, 94, 104, 106, 107, 109, 111, 112, 117, 120, 122, 123, 126, 127, 133, 134, 135, 138, 140, 142, 148, 157, 173, 174, 180, 181, 182.

Пикир

Оставить комментарий