• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин мэри ишемби күнү жарандарды жеке кабыл алат

Коом 0

Бишкек 02.11.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ишемби күнү жарандарды жеке кабыл алат, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Жарандар саат 10:00дөн 14:00гө чейин жазылуу жолу менен калаа башчысынын кабыл алуусунда боло алышат.

Мэрдин жеке кабыл алуусуна жазылууну каалагандар Чүй проспектиси №166 дарегине (коомдук кабылдама) кайрылса болот. Жазылуу үчүн паспорт жана башка документтер керектелет. Сурап билүү жана кошумча маалымат: (312) 61-07-05.

Пикир

Оставить комментарий