• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектин мэри: Шаардык бюджеттен 143 млн сомго жакын каражат максатсыз колдонулган

Коом 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. «Шаардык бюджеттен 143 миллион сомго жакын акчаны муниципалдык кызматтын абийирсиз кызматкерлери максатсыз колдонушкан», - деп билдирди брифингдин жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.

Анын айтуусуна караганда, аталган фактылар боюнча материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.

«Учурда муниципалдык ишканаларда текшерүү уланууда»,- деди калаа башчысы.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратурага «Бишкек жашыл чарба», «Бишкексвет» жана «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканалары боюнча материалдар жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий