• 88.68
  • 95
  • 0.95

Юстиция министрлигинин ички кадрлар резервине 51 талапкер өттү

Коом 0

Бишкек, 26.02.23. /Кабар/. Юстиция министрлигинин ички кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурстун акыркы этабы - аңгемелешүү болуп өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

24-февралда өткөн аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча конкурстук комиссия тарабынан министрликтин кадрлар резервине киргизүү үчүн 51 талапкер сунушталды.

Кызмат орундардын улук тобуна ачык конкурска катышууга 60 талапкер документтерин тапшырган.

Алардын ичинен:

  • 7 талапкер тестирлөөгө киргизилген эмес (билими боюнча / стажы боюнча);
  • тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча босого баллды 21 талапкер алды, ал эми 2 талапкер Баткен шаарында тестирлөөнү күтүүдө.

Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча 21 талапкердин ичинен 20 талапкер улук топко өттү, 1 талапкер четке кагылды.

Кызмат орундарынын кенже тобуна ачык конкурска катышууга 99 талапкер документтерди тапшырган.

Алардын ичинен:

  • 2 катышуучу тестирлөөгө киргизилген эмес (билими боюнча);
  • тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча босого баллды 35 талапкер алды, ал эми 5 талапкер Баткен шаарында тестирлөөнү күтүүдө.

Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча 33 талапкердин ичинен 31 талапкер кенже топко өттү, 1 талапкер четке кагылды, 1 талапкер келбей калды.

Пикир

Оставить комментарий