• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги №47 түзөтүү мекемеси жана №1 тергөө абагы шаардан чыгарылат

Коом 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. Бишкектеги №47 түзөтүү мекемеси жана №21 мекемеси (№1 тергөө абагы) шаардан чыгарылат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Аскат Эгембердиев билдирди.

Ал белгилегендей, биринчиден аталган эки мекемени шаар сыртына алып чыгуу коопсуздук маселесине байланыштуу болууда.

"№47 мекеме 60-жылдары курулуп, андагы инфраструктура учурдун талаптарына туура келбейт. Аны Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы №31 мекемесинин аймагында жайгаштырууну пландаштырып жатабыз. Ал эми ал жерде жалпы тартипте жаза мөөнөтүн өтөп жаткан соттолгондорду Молдовановкагадагы №27 мекеме жана Петровка айылындагы №8 мекемеге көчүрүү каралууда", - деди ал.

Анын айтымында, №21 мекеменин имараты №50 тергөө абагынын аймагында салынат.

Пикир

Оставить комментарий