• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин вице-мэри "Орто-Сай" базары карантинге жабыла тургандыгын билдирди

Коом 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Күн мурун, 9-июнда "Орто-Сай" базары карантинге жабыла тургандыгын Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди, - деп маалымдайт Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Анын билдирүүсүнө караганда, Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. 9-июнга карата Бишкекте коронавирус жуккан 555 учур катталган, айрым вируска шектелген жарандар өздөрү дарыгерге кайрылган фактылар да катталууда.

"Орто-Сай” базары дезинфекциялоого жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн 10-июндан 13-июнга чейин убактылуу жабык болот.

Пикир

Оставить комментарий