• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Бишкекжылуулуктармактары" 6 бирдик атайын техника сатып алды

Коом 0

Бишкек, 09.06.23. /Кабар/. "Бишкекжылуулуктармактары" ишканасына 6 бирдик атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштерди оптималдаштыруу жана жакшыртуу максатында төмөнкү техникалар сатылып алынды:

  • бир жүктөөчү-экскаватор;
  • эки технологиялык жүк ташуучу фургон;
  • 3 ширетүүчү агрегат.

"Жаңы унаалар өндүрүмдүүлүктү жогорулатып, чыгымдарды азайтат жана натыйжалуу жана коопсуз жумуш процесстерин камсыз кылат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий